Туск Украинага эмес, Орусияга басым жасоону сунуштады
Польша өкмөт башчысы Дональд Туск Батыш өлкөлөрү аймактык маселе боюнча Украина президенти Владимир Зеленскийге басым жасабашы керек экенин билдирди. Бул тууралуу ал Х социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
"Биздин эч кимибиз Зеленскийге аймактан баш тартуу маселесинде басым жасабашыбыз керек. Биз баарыбыз кысымды агрессиясын токтотушу үчүн Орусияга жасашыбыз керек", — деп жазды Туск.
Мунун алдында АКШ президенти Дональд Трамп Украина менен Орусиянын ортосундагы аймакты бөлүү маселеси талкууланды деген маалыматты четке каккан.
17-октябрда Ак үйдө Трамп менен Зеленский жолуккан. Америкалык лидер Украинага Tomahawk ракеталарын берүү ыктымалдыгы аз экенин, бирок бул маселе дагы деле талкууланып жатканын айткан. Ошондой эле ал согушту токтотуу боюнча сунуш киргизип, Зеленский бул пикирди колдогонун билдирген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















