super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жо Байден рак оорусуна каршы дарылануусунан кийин алгачкы ирет коомчулукка чыкты (фото)

 

АКШнын мурдагы президенти Жо Байден без рагына каршы дарылануусун баштаганы тууралуу кабарлардан кийин коомчулук алдына биринчи жолу чыкты. Бул тууралуу The New York Post басылмасы жазды.

82 жаштагы саясатчы Делавэр штатындагы чиркөөгө барган. Басылма жарыялаган сүрөттөрдө Байдендин жанындагы аялга жөлөнүп баратканын көрүүгө болот, ошондой эле анын оң көзүнүн үстүндө теринин рак оорусуна байланыштуу жакында жасалган операциядан калган жаңы тырык байкалган.

50 мүнөттүк кызматтан кийин Байден чиркөөгө келгендер менен 10 мүнөттөй сүйлөшүп, баарлашкан. Бул Байдендин NBC телеканалы анын без рагы төртүнчү стадияга өтүп, сөөккө метастаза берген соң беш апталык нур жана гормоналдык терапияны баштаганы тууралуу кабарлаган күндөн кийинки алгачкы ирет коомго чыгуусу.

Дарыгерлер Байденде залалдуу шишиктин агрессивдүү түрү аныкталганын айтышкан, бирок ал гормоналдык дарылоо аркылуу көзөмөлгө алынат деп белгилешкен. Мындан тышкары мурдагы президент рак илдетине байланыштуу эки жолу операция болгон, өткөн айда чекесинен, ал эми 2023-жылы көкүрөгүнөн теринин рагы алынган.

2024-жылдын июль айында Байден Дональд Трамп менен болгон ийгиликсиз дебаттардан кийин кайра шайлоого баруудан баш тартып, Камала Харристин талапкерлигин колдоп чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: