Казакстан курама командасынын капитаны каза болгон Диас Төлеуге арнап гол киргизди (видео)
Казакстан курама командасынын жана Санкт-Петербургдун "Зенит" клубунун коргоочусу Нуралы Алип Орусия чемпиондугундагы алгачкы голун киргизип, аны жакында каза болгон жаш футболчу Диас Төлеуге арнады. Бул тууралуу клубдун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Сочи" командасына каршы өткөн оюнда Алип 12-мүнөттө топту бош дарбазага киргизип, эсепти ачкан. Голдон кийин ал камерага карап колу менен "Т" тамгасын көрсөткөн. Кийинчерээк футболчу бул белги маркум Диас Төлеудин урматына экенин түшүндүрдү.
"Ал – "Кайрат" академиясынын тарбиялануучусу, жаш бала Диас Төлеуге арналган жаңсоо. Жакында оюндан кийин өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан жок. Бүгүн ошол үчүн кубанычымды көрсөтпөй, голумду ага арнадым", - деди Алип.
Эске салсак, 16-октябрда "Хан-Тенгри" клубунун 19 жаштагы оюнчусу Диас Төлеу "Экибастузга" каршы беттеш учурунда күтүүсүздөн өзүн жаман сезип, жерге кулаган. Көп өтпөй ал ооруканада көз жумган. Диас эки сезон "Хан-Тенгри" клубунда ойноп, үч гол киргизген жана ал буга чейин "Кайрат" академиясынын тарбиялануучусу болгон.
Казакстан курама командасынын капитаны каза болгон Диас Төлөуга арнап гол киргизди
0

Супер-Инфо
super.kg видео















