Ташиев Кеминде кырсыктаган жаранга тапшырылган үйдү балдары салып беришкенин айтты
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Чүйдүн Кемин районундагы Кайыңды айылынын тургуну Мирбек Кадыралиевге үч бөлмөлүү жаңы жер үйдүн ачкычын тапшырды.
Анда атайын кызматтын башчысы Кадыралиевдин кайрылуусун президент Садыр Жапаров жөнөтүп, аны кароону буйруганын белгиледи.
"Мен "жеринен барып, тактап келчи" деп Темирлан деген уулумду жөнөткөм. Ал уулум элдин алына чыга бербейт. Андыктан аны эч ким тааныбайт. "Ата, үйүн салып беришибиз керек экен" деп айтып келди. Анан балдарым чогулушуп, ушул үйдү салып беришти", - деди ал.
Белгилүү болгондой, 42 жаштагы Мирбек Кадыралиев 2024-жылы оор жүк ташуучу болуп иштеп жүрүп, унаанын дөңгөлөгүн оңдоо учурунда болгон жарылуудан улам бир колунан ажырап, иштөөгө мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Ал үй-бүлөсү менен батирде жашап, жаңы үй курууга шарты жок болгондуктан, 25-августта президент Садыр Жапаров менен Ташиевге Фейсбук аркылуу жардам сурап кайрылган.
Ташиев Кеминде кырсыктаган жаранга тапшырылган үйдү балдары салып беришкенин айтты
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















