Евробиримдик Украина үчүн уюмга мүчө болуу эрежелерин өзгөртүүнү талкуулап жатканы айтылды
Европа Биримдиги Украинаны кабыл алуу процессин тездетүү үчүн уюмга жаңы мамлекеттерди кабыл алуу эрежелерин өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоодо. Бул тууралуу Politico басылмасы өз булактарына таянып жазды.
Маалыматка караганда, сунушталган механизм жаңы мамлекеттерге Евробиримдикке кошулган соң алгачкы этапта добуш берүү укугу жок эле мүчө болууга мүмкүнчүлүк берет.
Politico'нун айтымында, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан сыяктуу лидерлерди Украинанын мүчөлүгүнө каршы чыкпоого көндүрүү аракети болушу мүмкүн.
Басылма билдиргендей, бул сунуш азырынча алгачкы этапта аны ишке ашыруу үчүн уюмдун бардык учурдагы мүчөлөрүнүн макулдугу талап кылынат.
Идея боюнча, жаңы мүчөлөр Евробиримдик толук реформалангандан кийин гана бардык укуктарга ээ болушат. Реформа айрым өлкөлөрдүн кабыл алынуучу чечимдерге вето коюу мүмкүнчүлүгүн чектөөгө багытталган.
Эске салсак, 2022-жылдын июнь айында Украина Европа Биримдигине талапкер өлкө макамын алган. Бул чечимди уюмга мүчө болгон бардык 27 өлкөнүн лидерлери колдошкон. 2023-жылдын декабрында Украина менен мүчө болуу боюнча расмий сүйлөшүүлөрдү баштоо чечими кабыл алынган. Бирок Венгрия тарап Украинаны шашылыш кабыл алууга каршы экенин ачык билдирип келет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















