super.kg logo

Арасында өзбек наны да бар. Дүйнөдөгү эң мыкты нан түрлөрүн тизмектейбиз (фото)

 

Нан — адамзат тарыхындагы эң байыркы жана баалуу азыктардын бири. Ал бир гана тамак эмес, көпчүлүк маданияттарда символ, салттын бөлүгү, күнүмдүк жашоонун ажырагыс элементи катары бааланат. Ар бир эл нанды өз табитине, шартына жана дүйнө таанымына жараша жасап, уникалдуу ыкмаларды, ингредиенттерди колдонуп келген.

"Нан — сиздин маданиятыңыз аны кандай түшүнсө, дал ошондой болот", — деген нан тарыхчысы Уильям Рубелдин айтканы бекеринен эмес. Анткени нанды бир гана буудайдан же белгилүү формада гана жасалат деп айтууга болбойт, дүйнөнүн түркүн бурчтарында ал ар кандай болушу мүмкүн.

Мисалы, Германиянын Вестфалия тоолорунда нан бууга 24 саат бышырылса, Арменияда лаваш болгону 30 секундда бышырылат. Эфиопиянын ачуу инжерасы же Түркиянын кунжутка малынган симити — бул ар бир элдин даамга жана салтка болгон өзгөчө мамилесин чагылдырат.

Төмөндө CNN басылмасы жарыялаган дүйнөдөгү "эң керемет" нандын түрлөрү менен тааныштырабыз.

Болани, Ооганстан

Кызарып, алтын түстүү тактар түшкөн жука камыр — бул Ооганстандын эң сүйүктүү наны болгон боланинин сырткы көрүнүшү гана. Нанга өзгөчө баалуулук берип турган нерсе – анын ичиндеги ширелүү, даамдуу бөлүгү.

Ооган наабайчылары ачыткы кошулуп жуурулган камырды жука кылып жая беришет да, ага картошка, шпинат же жасмык (чечевица) кошулган мол салманы салышат. Чөптөр жана жашыл пияз боланиге өзгөчө даам берип, табитти ачат. Ал эми майга кууруганда сырты кытырак болуп, ичиндеги даам ырахат тартуулайт.

Лаваш, Армения

Арменияда лаваштын орду өзгөчө. Алсак, жаңы үйлөнгөн жубайлардын үстүнө лаваш жаап, молчулук жана береке тилешет. Айрымдары бул салт лаваш жасоо сүйүү менен кошо аткарыла турган иш болгондуктан ушундай мааниге ээ экенин айтышат. Салттуу лавашты даярдоодо аялдар топтолуп, камырды жүндөн же самандан жасалган дасторкондун үстүнө жая башташат. Камырды чоң кылып жая коюп, аны жогорку температурада тез быша турган конус формасындагы чопо тандырдын дубалына кол менен чаптап жабыштырышат. Ал эми бул болсо чеберчиликти талап кылган өнөр болуп саналат.

Бул нан Армениянын маданиятында ушунчалык чоң мааниге ээ болгондуктан, ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген.

Дампер наны, Австралия

Жол үстүндөгү саякатчылар үчүн ылайыктуу, жөнөкөй жана тоюмдуу дампер наны Австралиянын чек арадагы күндөрүн эске салат.

Бул — болгону ун, суу жана туздан турган жөнөкөй камыр. Аны түз эле көмөчтүн күлүнө көөмп бышырса болот, же темир табага салып бышырууга да мүмкүн. Бүгүнкү күндө заманбап рецебинде көптүргүч, май жана сүт кошулуп, бул айылдык жөнөкөй нан азыр ирландиялык сода нанын эске салган даамдуу жана жумшак тамакка айланып калган.

Лучи, Бангладеш

Жумшак буудай камыры ысып турган майга салынып куурулганда, алтын түстүү, көбүкчөлөнгөн жука нанга айланат да, Бангладештин жыттуу карри тамактары менен эң сонун айкалышат.

Лучи — Бангладеште өзгөчө таңкы тамак катары кеңири колдонулат, көбүнчө ак картошка кошулган карри менен берилип, Дакка шаарындагы көчө сатуучуларынан тартып, ар бир үйдүн ашканасына чейин кездешет.

Пан де кейжо, Бразилия

Түштүк Американын жергиликтүү өсүмдүгү болгон маниокту ашканада колдонуу – акылмандыктын үлгүсү. Анткени бул крахмалдуу тамыр өсүмдүгүндө табигый түрдө адамды ууланта турган цианид заты бар. Бирок континенттин көптөгөн байыркы уруулары бул кооптуу өсүмдүктү сууга чылап, андан соң кургатып иштетүү аркылуу укмуштуудай азыкка айлантуунун жолун табышкан. Бүгүнкү күндө маниок Бразилиянын эң даамдуу азыктарынын бири болгон пан де кейжонун негизин түзөт. Сыр кошулган бул майда нандар сыртынан кытырак болгону менен, ичи жумшак жана бир аз кычкыл даамга ээ.

Шаобин, Кытай

Шаобин — Кытайдын кеңири таралган нан түрү, адатта жарым-жартылай бышырылат же куурулуп жасалат. Нан башка азыктарга салыштырмалуу катуу, сырты кытырак жана ичи көп учурда май, ар түрдүү чөптөр же татымалдар менен толтурулат. Шаобин көбүнчө таңкы тамакка колдонулат жана чай же сүт менен бирге берилет. Кээде эт, жашылча же жумуртка менен жасалып, даамдуу жана тоюмдуу тамак катары сунулат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: