super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Испанияда Хэллоуин алдында кара мышыктарды багып алууга убактылуу тыюу салынды

 

Испаниянын түндүк-чыгышындагы Каталония аймагына караштуу Терасса шаарында Хэллоуин майрамы маалында мүмкүн болчу "ырым-жырымдардын" алдын алуу максатында кара мышыктарды убактылуу багып алуу жана асыроого алуу тыюу салынды. Бул тууралуу жергиликтүү Жаныбарларды коргоо кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 6-октябрдан 10-ноябрга чейин кара мышыктарды асыроо жана убактылуу кармоо боюнча арыздар кабыл алынбайт. Бул чечим мышыктарга зыян келтирүүнү же аларды "аксессуар" катары пайдаланууну токтотуу максатында кабыл алынган.

Шаардын мэринин орун басары Ноэль Дуке жыл сайын Хэллоуин алдында кара мышык асыроо боюнча суроо-талаптар көбөйөрүн белгиледи.

"Биз адамдардын мода үчүн же убактылуу каалоо менен мышык алышын каалабайбыз. Айрым аймактарда кездешкен ырым-жырымдардын да алдын алгыбыз келет", - деди ал.

Терасса шаардык кеңеши учурда шаарда кара мышыктарга каршы зомбулук катталбаганын, бирок башка аймактардагы учурлардан кийин жаныбарларды коргоо уюмдарынын эскертүүсү боюнча алдын алуу чарасы катары бул чечим кабыл алынганын билдирди. Шаардын жаныбарлар жайгашкан борборунда болжол менен 100гө жакын мышык бар, алардын ичинен 12си кара түстө. Муниципалитет бул тыюуну убактылуу жана өзгөчө чара катары карап, жаныбарлардын коопсуздугун сактоо максатында келечекте дагы колдонулушу мүмкүн экенин билдирди. Хэллоуин майрамынан кийин мышыктарды багып алуу процесси кайрадан жандандырыла турганы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: