"Маселе АКШда эмес..." Колумбиянын президенти Трампка жооп кайтарды
Колумбиянын президенти Густаво Петро АКШ президенти Дональд Трамптын маңзат соодасына тиешеси бар деген айыптоосун четке какты.
"Трамп жардамчыларына алданып калды. 21-кылымда Колумбиядагы баңгизат соодасынын башкы душманы анын колумбиялык саясий бийлик менен болгон байланышын ачыкка чыгарган адам болгон. Бул мен болчумун", - деп жазды Петро X социалдык тармагындагы баракчасына.
Ал АКШнын тарыхын, маданиятын жана элин сыйлай турганын кошумчалады.
"Алар менин душмандарым эмес. Мен аларды андай деп эсептебейм. Маселе АКШда эмес, Трампта... Трамп мырза, сиз Колумбияга орой мамиле кыласыз... Мен сизге окшоп бизнес кылбайм. Мен социалистмин. Мен жардамга жана жалпы жыргалчылыкка ишенем..." - деп жазды.
Айта кетсек, жекшемби күнү Ак үйдүн башчысы АКШдан Колумбияга бардык төлөмдөрдү жана субсидияларды токтотууну жарыялап, өлкөнү жана анын президентин массалык баңги өндүрүшүн стимулдаштырууда деп айыптаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















