super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Өзгөндө оорукана курууга 1 миллиард 350 миллион сом бөлүндү

 
Оштун Өзгөн районуна жаңы 380 орундуу оорукана курууга 1 миллиард 350 миллион сом бөлүнүп, иш башталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалымдагандай, 23-августта улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөн районуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угуп, Өзгөн жалпы дарыгердик практика борборунун абалы менен жеринен таанышкан. Натыйжада аталган борбордун ордуна жаңы оорукана куруу демилгеси колдоо тапкан.
"Бүгүнкү күндө Өзгөн районунун калкы 290 миңден ашып, жыл сайын өсүүдө. Калктын санынын көбөйүшү менен медициналык кызматка болгон муктаждык да артууда. Ушул маселени чечүү максатында Саламаттык сактоо министрлиги жалпы баасы 1 миллиард 350 миллион сомду түзгөн 380 орундуу заманбап оорукана куруу долбоорун иштеп чыккан.
Президенттин 3-сентябрдагы №291 тескемесине ылайык, оорукана курулушуна керектүү каражат 2025-жылга карата Турукташтыруу фондунан бөлүнмөкчү. Жаңы оорукана президенттин иш башкармасына караштуу “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасы тарабынан курулат.
Бул долбоор Өзгөн районунун тургундарына сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, аймактын социалдык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошот", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: