Бангладештин борбору Дакка шаарындагы аэропортто чыккан өрт 26 саатта өчүрүлдү
Бангладештин борбору Дакка шаарындагы Хазрат Шахжалял эл аралык аэропортунун жүк бөлүмүндө чыккан өрт 26 сааттык аракеттен кийин толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Dhaka Tribune гезити жазды.
Өрт өчүрүү жана жарандык коргонуу бөлүмүнүн кызматкерлери билдиргендей, 23 бөлүм кайрадан ишке кирди жана аэропорт каттамдар үчүн кайрадан ачылды. Ошондой эле өрттү өчүрүүгө катышкан өрт өчүрүүчүлөр жана жарандык авиация кызматкерлери, жалпысынан 35 адам жаракат алганын билдиришти.
Бангладештин Эл аралык аба экспресс ассоциациясынын Би-Би-Сиге берген маалыматына ылайык, өрттөн келтирилген зыян 1 миллиард доллардан ашканын болжолдошууда. Даккадагы Хазрат Шахжалял эл аралык аэропортунун жүк бөлүмүндө ишемби күнү өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен аэропорттогу бардык каттамдар токтотулуп, көптөгөн каттамдардын багыты өзгөртүлгөн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















