Монголиянын президенти премьер-министрдин отставкасы боюнча парламенттин резолюциясына вето койду
Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух премьер-министр Гомбожавын Занданшатарды кызматтан алуу боюнча парламенттин резолюциясына вето койгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Буга парламенттин 17-октябрдагы жыйында премьер-министрди кызматтан кетирүү маселесин талкуулоодо добуш берүү формуласы туура эмес жүргөн деген жүйө келтирилген. Отставкага кетирүү чечими октябрдын башында парламентке келип түшкөн расмий сунуштун түп нускасы эмес, парламенттин мамлекеттик түзүлүш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушу боюнча добуш берүүнүн негизинде кабыл алынган.
Андан сырткары сессияга келгендердин саны 16-октябрдагы катышуунун негизинде эсептелген.
"Бул аракеттер Конституцияны жана мыйзамдуулукту бузуу деп табылып, жогоруда аталган вето коюлган. Андыктан ветону колдонуудагы мыйзамдарга ылайык кайра кароо туура деп эсептелинет", - деп билдирген президенттик аппараттын жетекчиси.
Айта кетсек, 17-октябрда аталган өлкөнүн Жогорку Кеңешинин депутаттары өлкөнүн премьер-министрин кызматтан алууну көпчүлүк добуш менен жактырышкан. Ал Конституциянын бир нече пункттарын бузган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















