Бишкектин Кайгуул кызматынын жетекчилик курамында кадрдык өзгөрүүлөр болду
Бишкектин Кайгуул кызматынын жетекчилик курамында кадрдык өзгөрүүлөр орун алганын борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, кадрдык өзгөрүүлөр кызматтык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатуу, кызматтык тартипти чыңдоо жана Кайгуул кызматынын ишин андан ары өркүндөтүү максатында болгон. Буйрук Ички иштер министрлиги тарабынан чыккан. Кадрдык дайындоолор төмөнкүдөй:
- Милициянын майору Борборбек Ташматов Бишкек шаардык Кайгуул кызматынын башчысы болуп дайындалды. Ал мурда аталган кызматтын башчысынын орун басары кызматын ээлеп келген.
- Милициянын майору Айбек Жамангулов Кайгуул кызматынын башчысынын орун басарылыгына бекиди. Ал мурда кайгуул кызматынын полкунун командири кызматын ээлеген.
- Милициянын подполковниги Эрлан Мамыралиев Кайгуул кызматынын жол кыймылына көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Ал мурда кайгуул кызматынын укук колдонуу практикасы бөлүмүнүн тескөөчү кызматын ээлеген.
- Милициянын улук лейтенанты Изабек Токтогожоев Кайгуул кызматынын полкунун командири болуп бекиди. Ал мурда аталган кызматтын полкунун 1-ротасынын командири ордун ээлеп келген.
- Милициянын капитаны Мухаммед Халматов Кайгуул кызмат башкармалыгынын полкунун 1-ротасынын командири болуп дайындалды. Ал мурда 1-ротанын командиринин орун басары болчу.
- Милициянын майору Тилек Курманбеков Кайгуул кызматынын нөөмөт бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:05
2025-11-02
16:30
2025-10-29
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















