"Колдоп бересиңер". Шайлоого катышып жаткан депутатты колдоо боюнча текшерүү башталды
Баткен облустук ички иштер башкармалыгы социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты, алдыдагы кезексиз шайлоого талапкер Ырысбек Атажанов тууралуу тараган видео боюнча текшерүү башталганганын билдирди.
Маалымдалгандай, Атажановдун тарапташы, Исхак-Полотхан айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Матажиев Гуламидиндин сүйлөгөн сөздөрү Кадамжай райондук милициясы тарабынан каттоого алынган. Текшерүү иштеринин жыйынтыгы менен юридикалык баа берилмекчи.
Буга чейин социалдык тармактарда "Атажановду колдоп бересиңер" деп эл алдында сүйлөп жаткан кишинин видеосу тараган.
Айта кетсек, 30-ноябрга белгиленген мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо боюнча үгүт иштери баштала элек. Үгүт иштери расмий түрдө 10-ноябрда башталат.
Ырысбек Атажанов №2 шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин койгон.
Шайлоого катышып жаткан парламент депутаты тууралуу тараган видео боюнча текшерүү башталды
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















