Ош мэри кичинекей кыздын каалоосун ишке ашырды (видео)
Буга чейин Ош шаарынын кичинекей тургуну мэр Жеңишбек Токторбаевге бир иш-чарада жолугуп, Анар кичи районундагы №10 көп кабаттуу үйдүн алдындагы жолду асфальттап берүүнү сураган. Мэр жеринде бул маселе боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берген эле. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда тараган.
Бүгүн, 20-октябрда мектеп окуучусунун кайрылуусунун негизинде аталган кичи райондогу №9 жана №10 көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы жолдорго асфальт төшөө иштери башталды. Ошондой эле ирригациялык лотоктор да курулууда.
Ош мэри кичинекей кыздын каалоосун ишке ашырды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















