Араванда шайлоо урнасын уурдоого шектелген жигиттер кармалды
Араванда шайлоо урнасын уурдаган деген шек менен 24 жана 23 жаштагы жигиттер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.Маалыматка ылайык, 14-октябрда Араван районунун ички иштер бөлүмүнө Маңгыт айылында жайгашкан мектептердин биринен 1 даана компьютер жабдыктары, 2 даана принтер жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн орнотулган 1 даана электрондук шайлоо урнасы (АСУ аппаратын) жана 1 даана урнанын үстүндөгү кошумча бюллетень эсептөөчү баштык уурдалганы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө коомдук жайларга орнотулган видеөкөзөмөл камераларынын жардамы менен кылмышка шектүү унаа аныкталган. Натыйжада жогорудагы жигиттер кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.
Айта кетсек, кезексиз парламенттик шайлоо 30-ноябрда өтөт.
Араванда шайлоо урнасын уурдоого шектелген жигиттер кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















