Шайлообек Атазов шайлоого аттанды
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов кезексиз парламенттик шайлоого катышуу үчүн арыз тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, ал №6 шайлоо округунан катышуу ниетин билдирди.
Аталган шайлоо окуругуна Ош шаарындагы МТУ-1, 4, 5, 6 жана №5563, 5564 шайлоо участкалары, андан тышкары Ош-МТУ-Жапалак, Төлөйкөн, Кара-Суу районунун Папан айыл аймагы толугу менен кирет. Шайлоочулардын саны 161 миң 323.
Белгилей кетсек, былтыркы жылдын 1-мартында Бишкектин административдик соту Атазовду мандатынан ажыратуу чечимин чыгарган. Ага ушул эле округдан 2022-жылы шайлоого катышкан Абдурахманхажи Муртазалиевдин 2024-жылы 22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясына Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарып, өзүн шайлоонун жеңүүчүсү деп таануу өтүнүчү менен кайрылганы себеп болгон. БШК анын арызын канааттандырган эмес, андан соң Муртазалиев сотко кайрылган.
Атазов соттун чечимин айыптаган. Ал март айындагы Жогорку Кеңештин жыйынында 10 мүнөт убакыт сурап, борбордук трибунада сөз сүйлөп, өзүнө карата каралоолор уюштурулуп жатканын белгилеп, мандатын алууга кызыкдар болгон тарап бар экенин айткан. Тар чөйрөдө Атазов сүйлөп бүтөр замат кыргыз-казак чек арасындагы "Кордай" бекети аркылуу чет өлкөгө чыгып кеткени айтылган.
Кийин анын жактоочулары мандатын жокко чыгарган сот чечимине каршы жогорку инстанцияларга кайрылып, жыйынтыгында Жогорку Сот 30-апрелде Атазовду мандаттан ажыраткан чечимди күчүндө калтырган. БШК да соттун өкүмү аткарылууга тийиш экенин жүйө кылып, аны мандатынан ажыраткан жана Свердлов округу боюнча кайра шайлоо өткөргөн.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















