Бишкекте дастанчылардын республикалык кароо-сынагы өтөт
Бишкекте 17-ноябрда дастанчылардын республикалык кароо-сынагы өтөт. Бул тууралуу Кыргыз улуттук “Манас” театрынан кабарлашты.Мекеме билдиргендей, сынакка салттуу музыкалык искусствонун алып жүрүүчүлөрү, улуттук музыкалык аспаптардын коштоосунда жогорку деңгээлде ырдай алган бардык өнөрпоздор (кенже эпосторду, дастандарды, элдик поэмаларды аткаруучулар), каалоочулар жана маданий-музыкалык окуу жайлардын профессионал студенттери катыша алышат. Катышуучулардын жашы чектелбейт.
Кароо-сынак кыргыз маданиятын сактоо жана өнүктүрүү, улуттук эпостордун жана дастан өнөрүнүн мурастарын келечек муунга өткөрүү, өнүктүрүү, жаш таланттардын жетилүүсүнө, коомчулукка таанылуусуна шарт түзүү, шыктандыруу максатында уюштурулуп жатат.
Толук маалымат алуу үчүн байланыш номер: +996 504 57 17 57
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















