Кыргызстан менен Тажикстан кино кызматташтыгын бекемдеди
Кечээ, 19-октябрда Душанбе шаарында "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы менен Тажикстандын "Точикфилм" мекемеси ортосунда кинематография тармагында кызматташуу тууралуу меморандум түзүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, анын максаты – эки өлкө ортосунда биргелешкен фильмдерди тартуу, тажрыйба алмашуу жана маданий байланышты чыңдоо.
Бул иш-чара "Тоджи Сомон" эл аралык кинофестивалынын алкагында өтүп жаткан Кыргыз кино күндөрү менен уланууда. Программада белгилүү режиссёрлордун чыгармалары көрсөтүлөт:
- Актан Арым Кубаттын "Эсимде" фильми – адамдын ички дүйнөсүн жана руханий баалуулуктарды чагылдырган драма;
- Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" фильми – жаратылыш менен адамдын биримдигин көркөм чагылдырган чыгарма.
Кыргыз кино күндөрү эки элдин маданий жакындыгын бекемдеп, кыргыз киносун эл аралык деңгээлде таанытууга өбөлгө түзүүдө.
Мындан тышкары, Таалайбек Кулмендеевдин "Үй сатылат" көркөм фильми фестивалдын сынагында "Социалдык маселелерди терең чагылдырганы үчүн" атайын диплом менен сыйланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















