Ысык-Көлдүн жээгиндеги синтетикалык торлор тазаланды
Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылындагы көл жээги мыйзамсыз орнотулган синтетикалык торлордон тазаланды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, бул иштер Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын Тоң жана Балыкчы шаардык инспекторлору тарабынан жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жыйынтыгында болжол менен 300 метр эски жана экологияга зыяндуу тор алынды. Бул аракеттер суунун биологиялык ресурстарын коргоо жана көл экосистемасын сактоо максатында жүргүзүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















