Бишкекте 3 автобустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү
Бишкек мэриясы 30-октябрга чейин суу түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу Жукеев–Пудовкин көчөсүндө транспорт кыймылына убактылуу чектөө болорун маалымдады.
Буга байланыштуу №1, №243 жана №226 автобустардын каттамы убактылуу өзгөртүлдү. Аталган автобустар Сүйөркулов жана Пудовкин көчөлөрү аркылуу каттайт.
Ал эми оңдоо иштери аяктагандан кийин автобустар мурдагы каттамдары боюнча жүрө башташат.
"Жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле жасап, каттамыңызды алдын ала пландап алууну суранабыз", - деп билдиришти мэриядан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















