super.kg logo
  Саясат  

Бишкек-Исфана авиакаттамы үчүн билеттердин кымбаттап кетишине баткендиктер нааразы

 
Бишкек-Исфана авиакаттамы үчүн билеттердин кымбаттап кетишине Баткен облусунун жашоочулары нааразы болууда. Муну бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин депутаты Жусупали Исаев билдирди. Айтымында, өкмөт бул маселени тез арада чечип берүүсү керек. Исаев Баткендеги жол маселеси боюнча “Баткен облусунда эки гана жол бар. Биринчиси Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык, экинчиси Кулунду-Максат жолу. Эгер ушул жолдор курулуп бүтсө, калк облус борборуна тынымсыз каттоого мүмкүнчүлүк алмак”,- деди. Калктын талаптары аткарылса ички миграция да басаңдап, бийликке элдин ишеничи артмак деген ойдо депутат. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: