super.kg logo

Метеорит болушу мүмкүн. АКШда Boeing учагы бийиктикте белгисиз объект менен кагылышты (фото)

 

Денверден Лос-Анжелеске багыт алган 140 жүргүнчүсү бар Boeing 737 MAX учагы 11 миң метр бийиктикте зыянга учурап, пилот жаракат алды. Бул тууралуу Live And Let Fly аттуу авиациялык порталдын негиздөөчүсү Мэттью Клинт билдирип, окуя болгон жерден тартылган сүрөттөрдү жарыялады.

Окуядан кийин учактын экипажы учакты Солт-Лейк-Сити шаарына багыттоону чечкен. Ал жакта учак учуп-конуу тилкесине ийгиликтүү конгон.

Авиакомпания тараткан маалыматка ылайык, учактын айнегиндеги жаракадан улам учак өз маршруту боюнча уча албай, башка жакка багытталган.

Мэттью Клинттин айтымында, бул окуяга кичинекей метеорит же космостук таштандылар себеп болушу мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: