super.kg logo

Япония өкмөтү отставкага кетип, жаңы премьер-министр шайланды

 

Япония өкмөтү премьер-министр Сигэру Исиба менен бирге отставкага кетти. Бул тууралуу Kyodo агенттиги кабарлады.

Маалым болгондой, өкмөт отставкага кеткенден кийин Япония парламенти жаңы премьер-министрди шайлады.

Япониянын башкаруучу Либералдык-демократиялык партиясы оппозициядагы "Японияны жаңылоо" партиясы менен коалиция түзүү боюнча макулдашууга келген. Бул келишим аркылуу Либералдык-демократтардын лидери Санаэ Такаитини премьер-министр болду.

Октябрь айынын башында Санаэ Такаити Либералдык-демократтардын жаңы төрайымы болуп шайланган. Бул чечим партия ичиндеги экинчи турдагы добуш берүү аркылуу кабыл алынган. Жыйынтыгында ал 341 добуштун ичинен 185 добушка ээ болгон.

Анын атаандашы мурунку премьер-министр Дзюнъитиро Коидзуминин уулу Синдзиро Коидзуми болсо 156 добуш алган.

Белгилей кетсек, Санаэ Такаити Япониянын тарыхында биринчи аял премьер-министр болду. Такаити Улуу Британиянын биринчи аял премьер-министри Маргарет Тэтчерге суктанары белгилүү. Азыр ал “темир айым” болуу кыялын ишке ашырууга абдан жакын.

Жаңы лидер — катаал консерватор. Ал аялдардын никеге туруп, кыздын фамилияларын сактоого уруксат берген мыйзамга каршы чыгат жана бул салтты бузуу деп эсептейт. Ошондой эле ал жыныстык азчылыктардын үйлөнүү укугуна каршы.

Ал коопсуздук маселелеринде да катаал позицияны карманат жана Япониянын пацифисттик конституциясын кайра карап чыгууга умтулат.












 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: