super.kg logo

Австралиянын АКШдагы элчиси Трамптан кечирим сурады

 

Австралиянын АКШдагы элчиси Кевин Радд АКШнын президенти Дональд Трамптан анын дарегине айткан сын сөздөрү үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу австралиялык The Australian басылмасы жазып чыкты.

Басылманын маалыматына караганда, элчи кечээ, 20-октябрда Вашингтондо өткөн Трамп менен Австралиянын премьер-министри Энтони Альбанезенин эки тараптуу жолугушуусунан кийин кечирим сураган.

Жолугушуудан кийинки пресс-конференция учурунда, журналисттер Трамптан австралиялык элчи тууралуу сурашкан. Себеби Кевин Радд буга чейин Трампты “АКШ тарыхындагы эң кыйратуучу президент” деп атаган билдирүүлөрдү социалдык тармактарга жазып жүргөн.

Ал эми Трамп элчини тааныбай турганын айткан. Иш-чара бүткөндөн кийин Кевин Радд Трампка келип, андан кечирим сураган.

Кевин Радд — Австралиянын мурдагы премьер-министри, ал 2022-жылдын декабрында АКШдагы элчи болуп дайындалган.

2020-жылы ал Нью-Йорк шаарындагы Азия коомунун саясат таануу институтун жетектеп турган кезде Х социалдык тармагы аркылуу Трампка каршы бир нече кескин пикирлерди жазган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: