Трамп: "АКШда эч ким билбеген күчтүү курал бар"
АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөдө дүйнөдөгү эң күчтүү курал бар экенин билдирип, ал курал тууралуу башка мамлекеттер гана эмес, көпчүлүк адамдар да билбей турганын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, бул куралдын өндүрүшү төрт жыл мурун башталган жана ал башка мамлекеттердеги куралдарга салыштырмалуу кыйла кубаттуу. Бирок Трамп кайсы курал тууралуу айтып жатканын тактаган жок.
"Бизде эч ким билбеген күчтүү курал бар. Биз бардык аскердик тармактар боюнча Кытайдан алда канча алдыдабыз. Кеме куруу жагында гана артта калганыбыз болбосо, жакында аларды да кууп жетебиз",- деп белгиледи Трамп.
2020-жылы Трамп АКШ жаңы гиперүндүү ракетанын үстүнөн иштеп жатканын жарыялаган. Анын айтымында, бул ракета дүйнөдөгү эң ылдам ракетага караганда 17 эсе тез уча алат жана 1600 чакырым алыстыкта турган бутага жете алат.
Белгилей кетсек, 2023-жылы ал Орусияны бул ракетанын долбоорун уурдаган деп күнөөлөгөн. Ал эми Орусиянын Тышкы иштер министрлиги мындай куралдын АКШда бар экенин элестетүү да мүмкүн эмес экенин билдирген.
2025-жылдын октябрь айынын башында Орусия президенти Владимир Путин да өлкөдө жаңы гиперүндүү курал системдери пайда болушу мүмкүн экенин айткан.
