Трамп: "Украина согушта жеңет деп ойлобойм"
АКШ президенти Дональд Трамп Украинанын Орусия менен болгон согушта жеңишке жетерине ишенбей турганын билдирди. Бирок ал бул теоретикалык жактан мүмкүн экенин белгилеп, "баары болушу мүмкүн" деп комментарий берди. Трамп бул сөзүн кечээ, 20-октябрда Ак үйдө Австралиянын премьер-министри Энтони Альбанезе менен жолугушуу убагында айтты.
Буга чейин Трамп Украина Европа Биримдигинин жана НАТОнун колдоосу менен өз аймактарын мурдагы чек араларына чейин кайтарып алышы мүмкүн деген көз карашты билдирген. Ал "чыдамкайлык жана туруктуу жардам менен" Киевдин ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилеген.
Ошондой эле, 19-октябрда Трамп Донбасс аймагы "бөлүнүп калышы керек" деген оюн айтып, анын көпчүлүк бөлүгү Орусиянын көзөмөлүндө каларын айткан. Ал The Financial Times гезитинин Донбасс толугу менен Орусияга берилет деген маалыматын четке какты.
