super.kg logo

БУУ өлкө бийлигин өлүм жазасын кайра киргизүүдөн баш тартууга чакырды

 

БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Фолькер Тюрк кечээ, 20-октябрда Кыргызстанды өлүм жазасын кайра киргизүү аракеттерин дароо токтотууга чакырды. Ал мындай артка кайткан кадам эл аралык укуктун олуттуу бузулушу болорун эскертти.

Кыргызстан 1998-жылы өлүм жазасын колдонууну токтоткон, ал эми 2010-жылы өлкөнүн мыйзамдарына туруктуу түрдө тыюу салуу киргизилген. Бул чечим Кыргызстан Адам укуктары жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттын Экинчи факультативдик протоколун ратификациялаган соң кабыл алынган. Бул протоколго ылайык, ага кол койгон мамлекеттер өлүм жазасын жоюу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.

Бирок сентябрь айында Ысык-Көлдө 17 жаштагы Айсулуунун өлүмүнөн кийин Конституциянын 25-беренесине жаңы норма киргизүү сунушталган. Анда өлүм жазасы балдарды зордуктоо, зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү үчүн гана колдонулары жазылган.
Бул сунуштар жакынкы апталарда референдумга коюлушу, ал эми эл колдоп берсе Жогорку Кеңешке жөнөтүлүшү күтүлүүдө.

Жогорку комиссар Фолькер Тюрк бул тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

"Пактта жана Экинчи факультативдик протоколдо көрсөтүлгөн укуктар ошол мамлекеттин аймагында жашаган адамдарга берилген соң кандай негиз менен болбосун, алар артка кайтарылбайт. Бир да сот системи кынтыксыз эмес. Эгер өлүм жазасы кайтарылса, күнөөсүз адамдардын да мамлекет тарабынан өлтүрүлүшү мүмкүн.

Кыргызстан көп жылдан бери өлүм жазасын жоюу боюнча дүйнөлүк оң багыттагы кеңири макулдашуунун бөлүгү болуп келген. Азыркы мыйзам чыгаруу демилгелери өлкөнүн буга чейин алган милдеттенмелерине, анын ичинде жакында Адам укуктары кеңешинде кабыл алынган Экинчи факультативдик протоколду колдоо резолюциясына каршы келет".

БУУнун маалыматына караганда, бүгүнкү күндө 170 мамлекет өлүм жазасын мыйзам жүзүндө же иш жүзүндө жойгон же мораторий киргизген.

"Бийликтин өлүм жазасын кайтарууга жүйө катары келтирип жаткан кылмыштар, чындыгында, абдан коркунучтуу жана катаал. Бирок мындай учурларда да адилет сот жүргүзүлүшү керек. Эч бир далил өлүм жазасы оор кылмыштарды азайта турганын көрсөтпөйт",- деп белгиледи Тюрк.

Ал Кыргызстандын бийлигин өлүм жазасына байланыштуу сунуштардан баш тартууга, анын ордуна мыйзамдуулукту камсыздоого, жабыркагандарга адилет сотко жетүү мүмкүнчүлүгүн жана кенемте төлөнүшүн камсыз кылууга чакырды.

"Зомбулукка, анын ичинде жыныстык зомбулукка каршы күрөштө мамлекет жабыркагандардын кызыкчылыгына багытталган, жетиштүү ресурстар менен камсыздалган жана натыйжалуу аракеттерди көрүшү керек", – деп жыйынтыктады Жогорку комиссар.

Буга чейин өзгөчө оор кылмыштар үчүн өлүм жазасын киргизүүнү сунуштаган демилге коомдук талкуунун "Жарандардын сунушу" бөлүмүнө чыккан.Анда өлүм жазасын мыкаачылык менен киши өлтүргөндөргө, жашы жете электердин өмүрүн кыйгандарга жана жыныстык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү менен адам өлтүргөндөргө колдонуу керектиги белгиленген.

Ал арада өлкө башчысы Садыр Жапаров өлүм жазасын киргизүүнү караштыруу боюнча тапшырмасын койгону маалым болгон.

Учурда өлкөнүн Баш мыйзамы өлүм жазасына тыюу салат. Бул тыюу качан кирген, өлкөдө акыркы өлүм жазасы качан ишке ашырылган? Бул суроолорго жооп алуу үчүн ушул шилтемеден окусаңыз болот.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: