super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Э️шатов: "Кыргызстанда күйүүчү май боюнча кырдаал курч, бир айга жетпейт"

 

️Кыргызстанда күйүүчү май боюнча кырдаал курч. Бул тууралуу 20-октябрда Spuntik радиосунун эфиринде Нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатов билдирди.

Эшатовдун айтымында, күйүүчү май запастары бар, бирок алардын деңгээли кыйла төмөндөдү. Азыркы учурда компаниялардын бир айлык запастары бар, балким, андан да аз болушу мүмкүн.

Мурда уюмдар запастарды узак мөөнөткө сактай алышкан, бирок азыркы кырдаалда, дүң соода токтоп, жеткирүүлөр чектелүү болгондуктан, ири компаниялардын запастары тез эле түгөнүп баратат.

"Майда дүң соода токтогондо, май куюучу жайда иштеген чакан жеке фирмалар жана жеке ишкерлер көйгөйлөргө туш болуп, чийки заттын жетишсиздигинен улам ишин токтотушат. Чоң компаниялар да запастардын кыйла азайышына дуушар болуп жатышат",- деп түшүндүрдү ал.

Эшатов азыркы шартта рынокту турукташтыруу үчүн альтернативдүү булактарды издөөнүн зарылдыгына көңүл бурду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: