super.kg logo

Түштүк Кореяда жаран тараканды өрттөйм деп бүтүндөй көп кабаттуу үйдү өрттөп жиберди

 

Түштүк Кореянын Осан шаарында аял үйүндөгү тараканды өрт менен жок кылууга аракет кылып жатып бүтүндөй көп кабаттуу үйдү өрттөп жиберди. Натыйжада бир адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, аял колундагы чакмак менен күйүүчү спрейди колдонуп тараканды өрттөгөндө үйдөгү буюмдарга от кеткен.

Аял буга чейин да ушундай ыкманы колдонуп келгенин, бирок бул жолу көзөмөлдү жоготуп алганын айткан. Полиция аны "байкабастыктан өрт чыгаруу жана өлүмгө себеп болуу" айыбы менен кармаган.

Өрт убагында имараттын бешинчи кабатында жашаган Кытай жараны терезеден качууга аракет кылып жатып кулап, ооруканада каза болгон. Ал күйөөсү менен кошо терезеден жардамга чакырып, эки айлык ымыркайын коңшусуна узатып аман алып калган.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, үй-бүлө терезеден качууга аргасыз болгон, анткени тепкич жагын калың түтүн каптаган. Өрттүн натыйжасында беш кабаттуу, жер төлөсүндө дүкөндөр жайгашкан имарат катуу жабыркаган. Сегиз киши түтүнгө ууланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: