super.kg logo

Трамп P. Diddy'нин жазасын жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканы айтылды

 

АКШнын президенти Дональд Трамп америкалык белгилүү рэпер Шон Комбстун (P. Diddy) жазасын жеңилдетүү маселесин ушул аптада карайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, октябрдын башында Нью-Йорктун соту аялдарды сойкулукка тарткан деген айып менен Комбсту 50 айга эркинен ажыраткан жана 500 миң доллар айыпка жыккан. Ал эми рэпер президенттен кечирим сурап, жазасын жеңилдетүүнү суранган.

"Ак үйдүн кызматкерлеринин айтымында, Трамп P. Diddy'нин жаза мөөнөтүн жеңилдетүүнү ушул аптада карайт",- деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле Ак үйдүн кызматкерлери анын жазасын жеңилдетип берүү сунушунан баш тартууга үндөшкөн. Бирок Трамп азырынча бир чечимге келе элек.

Белгилей кетсек, P. Diddy'нин соту май айында башталган. Рэперге рэкетчилик, адам сатуу, сексуалдык зордук-зомбулук жана аялдарды сойкулукка тартуу сыяктуу беренелери менен айып тагылган. Ал өткөн жылдын сентябрь айында кармалып, камакка алынган.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: