super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Диплом берем деген". Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучусу алдамчылыкка шектелип кармалды

 

Манас шаарында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педагогикалык факультетинин К.З. аттуу окутуучусу системдүү түрдө алдамчылык кылууга шектелип кармалды. Бул туураулу бүгүн, 21-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, кармалган жаран кызматтык абалынан пайдаланып абитуриенттерди адаштырып, сырттан окуу бөлүмүнө тапшыртып, андан соң экзамендерди ийгиликтүү тапшыртуу менен мамлекеттик үлгүдөгү диплом берем деп убада кылганы аныкталган.

Кызмат көрсөтүүлөрү үчүн алдамчы мезгил-мезгили менен жабыр тарткандардан окуу акысын төлөө жана семестрлерди "жабуу" үчүн акча алып турган.

Мекемеден билдиришкендей, учурда тергөө тарабынан кармалган окутуучунун акыркы 5 жыл ичинде жасаган ушул сыяктуу 50дөн ашык алдамчылык фактысы аныкталды.

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы К.З.нын иш-аракеттеринен жабыркаган жарандар болсо (0322) 5-60-49 жана (0556) 06-18-83 телефондору аркылуу кайрылууну суранат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.10.2025. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыл кызыл кекиртек кыйла жерге секиртет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: