Айдын караңгы тарабынан алынып келген чаңдан күтүлбөгөн ачылыш табылды
Кытайдын "Чанъэ-6" аппараты Айдын караңгы тарабынан алып келген чаңдан күтүлбөгөн ачылыш табылды. Илимпоздор бул чаңдын ичинде суунун издери бар метеориттин майда бөлүкчөлөрүн аныкташкан. Бул тууралуу PNAS журналына жарыяланды.
Маалым болгондой, бул - Айда мындай зат биринчи жолу табылган учур. Адистердин айтымында, бул метеориттер миллиондогон жылдар мурун Айга урунган астероиддерден калган болушу мүмкүн.
Бул ачылышты Кытай Илимдер академиясынын геохимиктери Жинтуан Ван жана Жиминг Чен жетектеген топ жүргүзгөн. Ачылыш суу жана башка заттар Жер менен Айга кандай жол менен келгенин түшүнүүгө жардам берет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:52
2025-10-21
14:00
2025-10-21
13:27
2025-10-21
11:16
2025-10-21
10:19
2025-10-21
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.