Франция Путин менен Трамптын Будапешттеги жолугушуусуна чейин Орусияга келишим сунуштады
Франциялык аткаминерлер Орусияга Украинанын аймагында ок атууну токтотууну сунуштап, анын ордуна Владимир Путиндин Американын лидери Дональд Трамп менен Будапештте жолугушуусу үчүн учактын тоскоолдуксуз учуусуна уруксат бере турганын билдиришти. Бул тууралуу The Wall Street Journal гезити кабарлады.
Гезиттин маалыматына караганда, Евробиримдик Трамп менен Путиндин жолугушуусуна тоскоол болгусу келбейт, бирок Франциянын расмий өкүлдөрү Орусияны ок атууну токтотууга көндүрүү үчүн аракет кылышарын билдиришти. Ал үчүн Путиндин учагына Венгрияга учууга уруксат берүү сунушталууда.
WSJ'нин айтымында, Путиндин учагы Будапешттеги саммитке жетүү үчүн Евробиримдиктин аба мейкиндигин кесип өтүшү керек, бирок учурда бул санкциялар менен тыюу салынган.
16-октябрда Путин менен АКШ президенти Дональд Трамптын сегизинчи телефон сүйлөшүүсү болду. Алар Венгриянын борборунда жакынкы эки жуманын ичинде өтүшү мүмкүн болгон жаңы жеке саммитти уюштурууга макулдашышты. Венгрияга сапарды даярдоо үчүн уюштуруучу комитет түзүлгөн.
