super.kg logo

Дуров Луврдан уурдалган буюмдарды сатып алып, башка музейге берүүгө даяр экенин билдирди

 

Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров Франциянын Лувр музейиндеги баалуу буюмдардын уурдалышына таң калбаганын айтып, уурдалган баалуу зер буюмдарды сатып алууга жана аны Абу-Дабидеги Лувр музейине өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди.

Дуров бул окуяны Франциядагы жалпы кризис жана деградациянын белгиси катары мүнөздөдү. Ал Х социалдык тармагындагы билдирүүсүндө Луврдагы уурулук өлкөнүн азыркы абалынан кабар берип турган көрүнүш экенин айтты.

"Мен уурдалган зер буюмдарды сатып алып, Луврга кайтарып берүүгө даярмын. Албетте, мен Абу-Дабидеги Лувр музейин айтып жатам. Анткени ал жактан эч ким уурдабайт",- деди Дуров.

Эске салсак, 19-октябрда Лувр музейиндеги баалуу буюмдар уурдалган. Каракчылар скутерлер менен келип, сырттагы жүк лифти аркылуу терезелерге жетип, аларды талкалап киришкен. Музейдин ичине киргенден кийин Наполеон жана императрицага тиешелүү баалуу зер буюмдарды уурдап, окуя болгон жерден качып кетишкен. Жалпы 9 зер буюм уурдалган.

Буга байланыштуу музей бир күнгө жабылган, ал эми коноктор эвакуацияланган.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон бул окуяны өлкөнүн тарыхый мурастарына жасалган кол салуу катары сыпаттап, уурдалган баалуу буюмдар табыларын жана кылмышкерлер сот алдында жооп бере турганын убада кылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: