Катар Израилди ок атууну токтотуу режимин бузду деп айыптады
Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Тани Израилди Газа тилкесиндеги ХАМАСтын позицияларына бир нече сокку ургандан кийин ок атышууну токтотуу тууралуу келишимди бузду деп айыптады. Бул тууралуу Al Arabiya телеканалы билдирди.
"Биз дагы бир жолу Палестинадагы бардык мыйзам бузууларды жана Израилдин аракеттерин, өзгөчө Газа тилкесин жашоого жараксыз аймакка айландырганын жана ок атууну токтотуу режимин бузуп жатканын айыптайбыз",- деди Аль Тани Катардагы кеңеш берүүчү жыйындагы жылдык кайрылуусунда.
Эске салсак, 19-октябрда Израил Рафах шаарындагы уюмдун бир нече объекттерине аба соккуларын жасаганын билдирген. Израил армиясынын маалыматына караганда, Рафахтагы туннелден куралчан бир нече адам чыгып, израилдик аскерлерге ок аткан.
Ал эми ХАМАС Рафах шаарында кагылышуулар болгонунан кабарсыз экенин айтып, бул аймак Израилдин көзөмөлүндө экенин билдирген.
