73 жаштагы жаранга жүрөктүн аорталдык клапанын имплантациялоо боюнча операция жасалды (фото)
Октябрь айынын башында Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда 73 жаштагы абалы өтө оор бейтапка аорталдык клапанды транскатетер аркылуу имплантациялоо боюнча жогорку технологиялуу уникалдуу операция ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Бейтапка "Критикалык аорталык стеноз жана жетишсиздик, митралдык жана трикуспиддик клапандардын III даражадагы жетишсиздиги" деген диагноз коюлган. Эхокардиографиянын жыйынтыгы боюнча жүрөктүн чыгаруу фракциясы болгону 26 пайызды түзүп, бул өтө оор жүрөк жетишсиздигин көрсөтүп турган.
Буга чейин ал Новосибирск шаарындагы академик Мешалкин атындагы клиникада консультациядан өткөн. Ал жерде ашказандын жара оорусуна жана кан кетүү коркунучунун жогору болушуна байланыштуу кошумча дарылоо сунушталган. Бирок дарылануу учурунда бейтаптын абалы кескин начарлап, аны ташып жеткирүү мүмкүн болбогондуктан, ал өлкөдөгү Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо институтуна жаткырылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















