Венгриянын өкүлү Путин менен Трамптын жолугушуусуна даярдык көрүү үчүн Вашингтонго барды
Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто АКШга президент Дональд Трамптын Будапештке болгон сапарын даярдоо максатында барды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирди.
Сийярто өзүнүн Facebook баракчасына: "Олуттуу күндөр башталды",- деп жазды.
Ошондой эле ал Вашингтондогу аэропорттон тартылган сүрөттөрдү жарыялады. Аны АКШнын өкүлдөрү тосуп алышкан.
16-октябрда Орусия президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын сегизинчи жолу телефон аркылуу сүйлөшүүсү болгон. Алар жакынкы эки жуманын ичинде Венгриянын борбору Будапештте жаңы жеке саммит өткөрүүнү макулдашышкан. Бул жолугушууга даярдык көрүү үчүн Венгрияда атайын уюштуруу комитети түзүлгөн.
Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков сүйлөшүүлөрдү Будапештте өткөрүү Путин менен Трамптын Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жылуу жана конструктивдүү мамилелерине байланыштуу экенин белгилеген.
Ошол эле учурда, The Wall Street Journal басылмасы маалымдагандай, франциялык аткаминерлер Орусияга Украинадагы ок атышууну токтотууну сунуштап, анын ордуна Путиндин учагынын Будапештке тоскоолдуксуз учуп барышына уруксат берүү мүмкүнчүлүгүн айтышкан.
