super.kg logo

ЖЫЛНААМА: Көптөгөн кыздардын кумири Ким Кардашьян 45 жашка толду

 

Ким Кардашьян бүгүн, 45 жашка толду. Эң көп айлык алган реалити-телекөрсөтүү жылдыздарынын бири, миллиондогон күйөрмандары бар, ийгиликтүү жеке ишкер. Ал бай үй-бүлөдө төрөлүп, бала кезинен эле бай жана атактуу болом деп ишенген. 2007-жылдан бери реалити-сынактын катышуучусу. Учурда сүйүктүү эне, блогер жана көптөгөн кыздардын кумири. Бул макалада актриса, модель тууралуу топтолгон маалыматтарды окууга сунуштайбыз.

Ким Кардашьяндын балалыгы

Актриса 1980-жылы 21-октярбда Америкада төрөлгөн. Ал бардар үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Анын айтымында, бактылуу балалыкты өткөргөн. Ким Кардашян атактуу юрист жана бизнесмен Роберт Кардашян менен анын жубайы, телеалпаруучу Кристин кызы. Ким Кардашьяндан тышкары, үй-бүлөдө дагы үч бала болгон. Тилекке каршы, атасы менен апасы ажырашып кеткен.

1991-жылы Ким Кардашьяндын апасы атактуу спортчу Брюс Женнер менен таанышып, бир көргөндө эле ашык болуп калган. Алар үйлөнүп, эки балалуу болушкан. Ким өгөй атасы менен жакшы мамиледе болгон.

Бала кезинде Ким Кардашян бай балдарга кийим сатып акча тапкан. Чоңойгондо Ким Кардашян эжелери менен бирге атактууларга модалуу кийимдерди саткан дүкөн ачышкан.

Карьерасы

Ким Кардашьян Пэрис Хилтондун жардамчысы болуп иштеген жана алгач телеге Парижде тартылган "Жөнөкөй жашоо" шоусунун катышуучусу катары чыккан.

2007-жылы Ким Playboy журналынын мукабасына чыккан. Анын жаркыраган сүрөттөрү көпчүлүктүн көңүлүн буруп, атактуулукка түрткөн.

"Семейство Кардашьян" реалити-шоусу 18 сезон бою көрсөтүлүп келет. Бүгүнкү күндө 240тан ашык эпизод тартылган. Анын жүрүшүндө ал 12 сыйлыкка ээ болгон, анын ичинде MTV сыйлыгы, Өспүрүмдөрдүн тандоосу сыйлыгы жана Элдин тандоосу сыйлыгы бар.

Шоу Кардашьяндын үй-бүлөсүнүн жашоосун чагылдырат - Ким эле эмес, Кортни, Хлоэ жана алардын бир тууган (апалаш) сиңдилери Кендалл менен Кайли Женнер. Шоу эң ийгиликтүү онлайн көрсөтүүлөрдүн бири болуп, жогорку рейтингге ээ болгон. 2010-жылга чейин ал эң көп төлөнүүчү реалити тележылдыздарынын бирине айланган. Ким өзүнүн ийгилигин кантип акчага айландырууну жакшы билген. Өз шоусун тартуу менен бирге ал өзүнүн жыпар жыттуу атырларын, фитнес тартибин жана өзүнүн кийим линиясын чыгарган. 2014-жылы ал колдонуучуларга Голливуд жылдызы болууга мүмкүндүк берген мобилдик оюнду иштеп чыккан. Биринчи жумада оюн Кимге 1,6 миллион доллар киреше алып келген.


Кардашян социалдык тармактарда активдүү блогер катары дагы таанымал. Анын ар бир сүрөтү он миңдеген лайктарды чогулткан. 2018-жылга карата анын посттору 720 000 долларга бааланган. 2020-жылга карата анын 187 миллион жолдоочусу бар. Ким Forbes журналынын 2020-жылдагы эң ийгиликтүү 100 атактуунун тизмесинде 48-орунду ээлеген. Басылма анын кирешесин 49,5 миллион доллар деп баалаган.

Ким Кардашян тасмаларга да тартылган. Ал "Нике кеңешчиси" (2014) тасмасындагы эмгеги үчүн "Алтын малина" сыйлыгын алган.

Жеке жашоосу

Ким Кардашьяндын биринчи күйөөсү Дэймон Томас музыкалык продюсер болгон. Ал аны менен Лас-Вегаска качкан. Ал жерден түгөйлөр үй-бүлөсүн кабардар кылбастан баш кошушкан. Бир нече жылдан кийин Ким Кардашян Дэймонду үй-бүлөлүк зомбулук үчүн айыптап, ажырашууга арыз берген. Кардашьяндын айтымында, ал кызганчаак болгон. Күйөөсү липосакция жасатууга мажбурлаган жана андан көп зомбулук көргөн.

2010-жылы 30 жашка чыккан Ким Кардашян экинчи жолу күйөөгө тийген. Тандоосу баскетболчу Крис Хамфрис болгон. Жубайлар жолугушуудан беш ай өткөндөн кийин мамилесин расмийлештирип, үйлөнүү үлпөтүнөн 72 күн өткөндөн кийин ажырашууларын жарыялашкан. Алар бул иш-чарадан бир нече миллион киреше табышкан.

Нике жөн гана пиар болгон деген айыптоо социалдык тармакта жайнаган.

Ким Кардашян менен рэпер Канье Уэст 2004-жылы таанышып, беш жылдан кийин ага "Knock You Down" ырын арнап, 2012-жылы "Cold" аттуу ыр менен сүйүүсүн билдирген. Эки жылдан кийин жубайлар баш кошушкан. Үйлөнүү үлпөтү Франция менен Италияда өтүп, жаңы үйлөнгөн жубайларга 3 миллион доллар сарпталган. Ошентип, реалити жылдызы расмий түрдө Ким Кардашян Уэст болуп калган. Экөө төрт балалуу болгон.

Ким Кардашян Уэст сегиз жылдык никеден кийин ажырашууга арыз берген. Ага себеп "пикир келишпестиктер" болгон. Жубайлар балдарын бөлүп, чогуу камкордукта багабыз деп сүйлөшүшкөн.

Бул ажырашуу Ким үчүн оор болгон жана ал стресстин кесепетинен салмак кошкон. Бирок бир аз убакыт өткөндөн кийин калыбына келип, андан дагы арыктаган. Акыркы маалыматтар боюнча, анын салмагы болжол менен 57 килограмм, бою 159 сантиметр. Ким өзүнүн фигурасы менен сыймыктанат.

Күн сайын анын баракчасына миллиондогон күйөрмандары жана хейтерлери Ким Кардашьяндын жаңы сүрөттөрүн көрүш үчүн киришет. Анын ар бир сүрөтү акча алып келет. Журналисттер баласынын эксклюзивдүү сүрөттөрү үчүн ата-энесине чоң суммадагы акча сунушташкан. Сунуш 2,5 миллион долларга жеткенде да түгөйлөр баш тартышкан. Алар баланын сүрөттөрүн кичине убакыттан кийин социалдык тармактарга бекер жайгаштырышкан. Балага Сент деген ысым ыйгарылган.

Жеке жашоосуна келсек, Ким Канье менен ажырашкандан кийин көпкө жалгыз жүргөн эмес. Ким Кардашян менен куудул Пит Дэвидсон кыз-жигит болуп жүргөнү тууралуу маалыматтар чыккан. Бирок, алардын романтикасы бир жылга жетпеген убакытка созулган. Кимдин кийинки өнөктөшү ким экени белгисиз бойдон калууда.

Пластикалык операция

Ким Кардашян өзүнүн фигурасына өзгөчө көңүл бурат. Хирургдардын жана күйөрмандардын айтымында, ал ринопластика, көкүрөк чоңойтуу, жамбашты чоңойтуу, липосакция сыяктуу бир нече пластикалык операцияларды башынан өткөргөн. Кошумчалай кетсек, журналисттердин айтымында, жылдыз дайыма ботокс, плазма лифтингинен, контур жасатып турат.

Ким өзү көкүрөгүнө пластикалык операция жасатпаганын айтып келет. Бирок косметологго барып турганын айтып, сүрөттөрү менен бөлүшүп турат.

21-октябрдын жылнаамасы.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: