super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте дизайн-код боюнча иретке келтирүүнүн экинчи этабы башталат (фото)

 
Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкармалыгы "Бишкек шаарынын дизайн-коду" эрежелерин ишке ашыруунун алкагында турак жайлардын фасаддарына текшерүү жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, эми дизайн-кодду ишке ашыруунун экинчи этабы башталат.
Экинчи этаптын алкагында:
  • турак жай батирлеринин сырттагы кондиционер блоктор;
  • фасаддарга жайгаштырылган интернет жана электр зымдар;
  • өз алдынча айнектелген балкондор;
  • уруксатсыз орнотулган кошумча конструкциялар боюнча иретке келтирүү иштери жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, дизайн-код боюнча интернет зымдары сыртка чыкпай иреттүү жайгаштырылып, кондиционерлер терезенин жанына орнотулушу керек. Ал эми балкондорго кошумча курулуш жүргүзүлбөшү шарт.
Курулуш министрлиги борбор калаанын тургундарынан жашаган турак жайларын Бишкек шаарынын дизайн-кодунун талаптарына ылайык иретке келтирүүгө чакырат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: