super.kg logo

Словакиянын премьер-министрине ок чыгарган жазуучу 21 жылга эркинен ажыратылды

 

Словакияда 72 жаштагы жазуучу жана саясий активист Юрай Цинтула премьер-министр Роберт Фицого ок чыгарган окуяда терроризмге айыпталып, 21 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

Соттун чечими боюнча, Цинтуланын максаты өкмөттүн ишине тоскоолдук кылуу болгон, ошондуктан ал терроризм боюнча күнөөлүү деп табылган.

Адвокаттар жаза жеңилирээк болуусу үчүн Цинтуланы терроризм эмес, мамлекеттик кызматкерге кол салуу беренеси боюнча күнөөлүү деп таанууну суранышкан. Бирок сот мындай дооматтарды четке каккан.

Цинтула өз көрсөтмөсүндө Фицону өлтүргүсү келбегенин айткан.

2024-жылдын 15-майында Юрай Цинтула премьер-министр Роберт Фицого бир нече жолу ок аткан. Фицо оор абалда ооруканага жеткирилген жана бир нече операция жасалган. Цинтула окуя болгон жерде кармалган. Ал бул аракетин бийликтин саясаты жакпаганы менен түшүндүргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: