Бишкекте автохулигандык боюнча унаа салондун жетекчилигине чара көрүлдү (видео)
Социалдык тармактарда жарыяланган жол эрежелерин бузуу жана автохулигандык көрүнүштөрү тартылган видео боюнча "БАХА777" унаа салонунун жетекчилиги Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгына чакырылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, башкармалык өкүлдөрү ишкананын жетекчилиги менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мындай мыйзам бузуулар кайталанбашы үчүн алдын ала чараларды көрүү зарылдыгын белгилешти.
Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун бузган айдоочуга карата административдик протокол түзүлүп, анын унаасы айып короого токтотулду.
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы бардык айдоочуларды жол эрежелерин сактоого чакырып, коомдук жолдордо кооптуу манёврларды жасоо мыйзам бузуу болуп саналарын эскертти.
Бишкекте автохулигандык боюнча "БАХА777" унаа салонуна чара көрүлдү
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















