Мальмё – деңиз жээгиндеги тынч шаар (блог)
Порталыбыздын #Sayakattime рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Швециянын түштүгүндөгү Мальмё шаарына болгон сапарымды айтып бермекчимин. Шаар Эресунн булуңунун жээгинде, Түндүк жана Балтика деңиздерин бириктирип турган эң маанилүү аймакта жайгашкан. Мальмё – Швециядагы үчүнчү чоң шаар, тарыхый Ганза союзуна кирген байыркы соода шаары жана бүгүнкү күндө өлкөдөгү эң көп улуттуу, жандуу маданий борборлордун бири болуп эсептелет. XIII кылымда негизделген бул шаар бай тарыхы, ар түрдүү архитектурасы жана заманбап турмушу менен айырмаланат.
Калаа Даниянын Копенгаген шаарынан болгону 19 чакырым алыстыкта. Копенгаген тууралуу өткөн чыгарылышта баяндап бергем. Эки өлкөнүн эки шаарын Эресунн көпүрөсү байланыштырат. Мальмё – Швециядагы эң жылуу шаарлардын бири. Климаты – жумшак: жайы салкын, кышы жеңил, көп учурда кар аз жаайт. Бирок кээде кышында температура –10°С, –15°С чейин түшүп, аба ырайы өзгөрүлүп кетиши мүмкүн.
Бул шаарга мен Германиядан таң эрте кеме менен бардым. Жол 6 саатка созулду. Кемеде отуруп, деңизди башка ракурстан көрүп, анын кооздугуна суктандым. Толкундун үнү, деңиз бетинин көрүнүшү – жан дүйнөнү тынчтандырган керемет көрүнүш болду.
Мальмё портуна жеткен соң шаарга чейин поезд менен бардым. Мейманканага жайгашып, түшкү тамактанып, бир аз эс алган соң шаар кыдырууга чыктым. Алгач Мальмёхус чебине (Malmöhus Slott) бардым. Бул чеп 16-кылымда курулган тарыхый имарат болуп, азыр анын ичинде чоң Мальмё музейи жайгашкан. Музейде шаар тарыхына, жаратылышка жана искусствого арналган көргөзмөлөр бар. Ошондой эле эски доордогу курал-жарактар, кемелердин моделдери жана жаныбарлардын экспозициясы коюлган экен.

Музейден шаар тарыхы менен тааныштым. Ошол тууралуу бир аз айта кетейин:

Музейден соң шаардагы эң белгилүү имарат – Тёрнинг Торсо мунарасына (Turning Torso) бардым. Кыргызча мааниси "Бурмаланган тулку" дегенди билдирет. Бул 190 метр бийиктиктеги асман тиреген имарат Швециянын эң бийик, ал тургай Скандинавиядагы эң бийик турак жай мунарасы болуп саналат. Анын өзгөчөлүгү – спирал түрүндө буралып турган архитектурасында.

Кечинде Эресунн булуңун карап көпкө суктандым. Күн баткан учурда деңиз менен асмандын түстөрү бири-бирине аралашып, тынчтык менен гармония тартуулады.

Эртеси эртең менен кайрадан шаар араладым. Мальмёдо көрүүгө арзый турган жерлер көп экен. Тизмектем өтсөм:
- Сент-Петер чиркөөсү (Sankt Petri Kyrka) – 14-кылымда курулган эң байыркы чиркөө, ичи орто кылымдагы атмосфераны сактап калган.

- Лилла Торг аянты (Lilla Torg) – XVI–XVIII кылымдагы көпөстөрдүн үйлөрү менен кооздолгон чакан аянт. Бул жер кафелер жана ресторандар менен толуп, туристтердин сүйүктүү жери.

- Кунгспаркен паркы (Kungsparken) – көлмөлөрү жана көпүрөлөрү бар жашыл эс алуу жайы, шаардагы эң эски парк, чептин жанында орун алган. Жанында белгилүү шамал тегирмени бар Слоттстрэдгорден (Slottsträdgården) паркы жайгашкан.

- Модерна Музеет (Moderna Museet Malmö) – заманбап искусствого арналган музей;
- Эмпория соода борбору (Emporia) – архитектуралык жактан өзгөчө, айнек формасындагы ири соода комплекси.

- Сторторгет (Stortorget) – шаардагы эң чоң аянт (1530-жылы түзүлгөн), борборунда падыша Карл Густав X(10)дун атчан айкели жана бай кооздолгон ратуша жайгашкан.

- Эресунн көпүрөсү (Öresundsbron) – Швеция менен Данияны бириктирген керемет инженердик курулуш. 1999-жылы ачылган бул көпүрөнүн жалпы узундугу 12 чакырым: 8 чакырым көпүрө жана 4 чакырым туннель аркылуу Копенгагенге чейин созулат.

Мальмё мага деңиз жээгиндеги жай жашоосу, кооз жаратылышы жана архитектуралык тарыхы менен жакты.

Ошондой эле эски европалык архитектура менен заманбап стилди айкалыштырган, тынчтык менен энергияны бириктирген өзгөчө калаа. Эресунн булуңунун жээгинде күндүн батышын карап отуруу – бул жерге келген ар бир адамдын эсинде кала турган укмуштай эс алуу. Ар бир көз ирмемди, ар бир көчөнү эсиме сактап, деңиздин туздуу абасынан деп алып, саякат деген эмне экенин дагы бир жолу түшүндүм – бул жөн гана жол жүрүү эмес, ар бир мүнөттү жашоо.
кошулду
Мальмё - деңиз жээгиндеги тынч шаар
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















