super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кыргыз футбол биримдиги ОшМУ футбол клубуна автобус тапшырды

 
Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев ОшМУ футбол клубунун директору Айбек Сулаймановго буга чейин КФБнын карамагында болгон Foton үлгүсүндөгү автобусту тапшырды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Нурдин Букуев өз сөзүндө бул демилге футбол клубдарын колдоо, шыктандыруу максатын көздөөрүн белгиледи. “КФБ мындан ары да өлкө клубдарынын өнүгүүсүнө өз көңүлүн бурат. ОшМУ футбол клубунун ишмердүүлүгү үлгүлүү болгондуктан, биз клубду колдойлу деп чечтик”, — деди Букуев.
Өз кезегинде ОшМУ клубунун директору Айбек Сулайманов КФБга ыраазычылык билдирип, бул белек команда үчүн инфраструктураны жана логистиканы жакшыртууда маанилүү кадам болорун белгиледи.
ОшМУ футбол клубу Ош мамлекеттик университетин өкүлчүлүк кылат жана Премьер Лигада Ош шаарынын намысын татыктуу коргоп келе жатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: