Жол кырсыгынан каза тапкан 13 жаштагы баланын ишин министр өз көзөмөлүнө алат
Бишкектин борборундагы жол кырсыгынан каза болгон 13 жаштагы баланын ишин ички иштер министри өз көзөмөлүнө алат. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.Орунбеков билдирүүсүндө кырсыктын бардык жагдайлары кылдат иликтенип, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жоопко тартыла турганын белгилеген.
"Бул ишти жаап-жашырууга эч кандай аракет болбойт жана болушу да мүмкүн эмес. Укук коргоо органдары мыйзамдын жана адилеттүүлүктүн принциптеринин чегинде гана иш алып барышат. Ички Иштер министрлиги бул окуя боюнча иш алып барууда, министр өз көзөмөлүнө алган. Өлүм менен коштолгон бардык кырсыктар тиешелүү органдардын жетекчилеринин көзөмөлүндө болот" - деп жазган Орунбеков.
Ошондой эле ал коомчулукту тергөөгө ишенүүгө жана чагымчылдыкка алдырбоого чакырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















