super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Манас шаарында коомдук ишмер Жаңыл Түмөнбаеванын 80 жылдык мааракеси белгиленди

 
Бүгүн, 21-октябрда Манас шаарында Кыргыз ССР Жогорку Советинин IX-XI чакырылыштагы депутаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер Жаңыл Түмөнбаеванын 80 жылдык мааракесине арналган “Жаңыл Түмөнбаева – Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүүгүсүндө, аймактык башкарууда,
лидердик жана кесипкөйлүктүн феномени" аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.
Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жаңыл Түмөнбаева, белгилүү коомдук-саясий ишмерлер, Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Шаар башчысы Жаңыл Түмөнбаеваны 80 жылдык маарекеси менен куттуктап, мамлекеттик бийлик бутактарындагы жооптуу жетекчилик кызматтары, өлкөбүздүн өнүгүүсүндө зор салым кошкондугун белгиледи.
Белгилей кетсек, Жаңыл Түмөнбаева 1945-жылы 20-февралда Чүй облусунун Панфилов районунда туулган. Эмгек жолу 1969-жылы инженер-технолог кызматынан башталып, Фрунзе шаардык комитетинин катчысы, Кыргыз ССРинин тышкы иштер министри, Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, Чүй облустук кеңешинин төрайымы, Токмок шаардык администрациясынын башчысы, Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары, Кыргызстандын тышкы соода жана өнөр жай министринин орун басары жана башка мамлекеттик жооптуу кызматтарында иштеген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: