Дүрбөлөңгө түшпөңүз! Бишкекте команда-штабдык машыгуу өтөт
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек шаарында 22-24-октябрь күндөрү республикалык команда-штабдык машыгуусун өткөрөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Бул жолку масштабдуу машыгуу жер титирөөнүн оор кесепеттеринен коргонуу, алдын алууга даярдыкты күчөтүүгө багытталат. Ага Жарандык коргонуунун башкаруу органдары жана алардын күч каражаттары тартылат.
Тактап айтканда, иш-чаранын практикалык бөлүгүнүн жүрүшүндө өрт өчүрүүчү унаалардын, медициналык "Тез жардам" кызматтарынын, тик учактын жана башка адистештирилген техникалардын авариялык үндөрү угулушу мүмкүн.
Андыктан ӨКМ Бишкек шаарынын тургундарына жана конокторуна мындай учурга тынсызданып, дүрбөлөңгө түшпөө керектигин эскертти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















