super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча олимпиадада 5 медаль жеңишти

 
Кыргызстандык окуучулар Stars of Informatics 2025 эл аралык информатика боюнча олимпиадада 5 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, алтын байгени Рамазан Мананов (Сейтек STEM мектеби) алса, күмүштү Абдуллахан Абдирасулов (Сейтек STEM мектеби) багындырган. Ал эми коло байгеге Саид Жаникеев (Сейтек STEM мектеби), Ахмад Алахунов (Кут Билим окуу-тарбия комплекси), Актан Мавлянов (Intellect Pro School мектеби) ээ болушкан.
Ошондой эле Бектен Абдувалиев (Ош International School), Эмирхан Сыдыкбаев (Газпром Кыргызстан мектеби), Азирет Исраиловдор (Intellect Pro school мектеби) Ардак грамота менен сыйланышкан.
Министрлик олимпиада 17–19-октябрда онлайн өтүп, ага 11 өлкөдөн 120дан ашуун окуучу катышканын кошумчалады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: