ХАМАС Израилге дагы эки туткундун сөөгүн өткөрүп берди
Кечээ, 21-октябрда ХАМАС Израилге барымтага алынган дагы эки туткундун сөөгүн өткөрүп берди. Бул тууралуу Кызыл Крест уюму кабарлады.
Маалым болгондой, АКШ ортомчу болгон Газа секторундагы ок атышууну токтотуу келишимине ылайык, ХАМАС каза болгон барымтадагы 28 адамдын ичинен 15инин сөөгүн кайтарып берди.
ХАМАСтын айрым өкүлдөрү эки туткундун сөөгү көрүстөндөн казылып алынганын билдиришти.
Азыр Израилде иш сапары менен жүргөн АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс пресс-конференцияда сүйлөп жатып, калган сөөктөрдү табуу жана өткөрүп берүү кыйынга турарын айтты. Анын айтымында, кээ бир сөөктөр урандылардын алдында калып кеткен, айрымдары тууралуу маалымат жок.
Ошондой эле Вэнс ок атышууну токтотуу келишими сөзсүз аткарылат деген ишенимин билдирди.
Буга чейин АКШ, Египет, Түркия жана Катар президенттери Египеттеги саммитте Израил менен ХАМАСтын ортосундагы согушту токтотуу тууралуу макулдашууга кол коюшкан.
Макулдашуунун шарттарына ылайык, Израил ар бир каза болгон израилдик үчүн 15 палестиналыктын сөөгүн өткөрүп берүүгө милдеттенген.
Сентябрдын аягында АКШ 20 пункттан турган тынчтык планын сунуштаган. Ал план барымтадагыларды алмашууну жана Газадагы жарандык инфраструктураны акырындык менен калыбына келтирүүнү камтыйт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















