Бишкекте Жер-Ынтымагы конушунун жашоочуларынын жерлери мыйзамдаштырылды
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жер-Ынтымагы конушунун тургундарына 17 токтом тапшырды. Жалпысынан мыйзамдаштырылган жер тилкелери 69 гектарды түзөт. Бул тууралуу кечээ, 21-октябрда мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, документтер министрлер кабинетинин токтомуна ылайык берилген. Анда жер мунапысына туш келген субъекттер үчүн көрүстөндөрдүн коргоо зоналарынын чек аралары 50 метрден 10 метрге чейин өзгөртүлгөн. Бул өзгөртүүлөр үйлөрү мурда коргоо зоналарынын чегинде болгон тургундардын жер участокторун мыйзамдаштырууга мүмкүндүк берди.
"Бул иштердин баары президент Садыр Жапаровдун саясатынын алкагында жүргүзүлүүдө. Биз бул аймакта 15–20 жылдан бери жашап келген жарандардын үйлөрүн сактап калууга жетиштик. Өз кезегинде бардык зарыл чараларды көрүп, бүгүн ыкчам түрдө сиздердин жер тилкелерди мыйзамдаштырдык",- деди мэр.
Жалпысынан Жер-Ынтымагы конушу боюнча 43 токтомго кол коюлган.
Маалымат үчүн: Жер мунапысы боюнча комиссиялар министрлер кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №567, Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 "Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомунун негизинде иш алып барат.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















