super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Лувр музейиндеги уурулук: Келтирилген чыгымдын көлөмү айтылды  

 

Париждин прокурору Лор Беко Лувр музейинен уурдалган зер буюмдардын жалпы баасы 88 миллион еврого жетерин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Бул абдан чоң сумма, бирок тарыхый зыян менен салыштырганда эч нерсеге татыбайт",- деди прокурор.

Анын айтымында, эгер уурулар уурдалган зер буюмдарды эритүүгө аракет кылышса, мындай баага жетиши кыйын болот. Ошондой эле кылмышкерлер асыл буюмдарды жөн жерден жок кылбайт деп үмүттөнө турганын кошумчалады.

Прокурор билдиргендей, баалуу буюмдар 4 адам тарабынан уурдалган, бирок кылмышка тиешеси бар башка адамдар да болушу мүмкүн.

Le Figaro гезитинин маалыматына ылайык, Лувр музейинин директору Лоранс Де Кар бул окуядан кийин кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Бирок Франциянын президенти Эммануэль Макрон анын арызын четке каккан.

Эске салсак, 19-октябрда Лувр музейиндеги баалуу буюмдар уурдалган. Каракчылар скутерлер менен келип, сырттагы жүк лифти аркылуу терезелерге жетип, аларды талкалап киришкен. Музейдин ичине киргенден кийин Наполеон жана императрицага тиешелүү баалуу зер буюмдарды уурдап, окуя болгон жерден качып кетишкен. Жалпы 9 зер буюм уурдалган.

Буга байланыштуу музей бир күнгө жабылган, ал эми коноктор эвакуацияланган.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон бул окуяны өлкөнүн тарыхый мурастарына жасалган кол салуу катары сыпаттап, уурдалган баалуу буюмдар табыларын жана кылмышкерлер сот алдында жооп бере турганын убада кылды.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: